Бишкекте "Тез жардам" унаасы катышкан жол кырсыгы болуп, 1 адам оор жаракат алды
Бишкекте 18-августта "Тез жардам" автоунаасы катышкан жол кырсыгы болду. Окуя Манас-Москва көчөлөрүнүн кесилишинен орун алып, Мазда менен сүзүшкөн "Тез жардам" автоунаасы оодарылып кеткен. Маалымдалгандай, айдоочу жана 3 медицина кызматкери жеңил жаракат алган. Мазданын айдоочусу учурда ооруканалардын биринин жандандыруучу бөлүмүндө жатат. Кырсыктын чоо-жайын тиешелүү орган иликтөөдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















