Интернетке дарыгерге асылып, "балаң өлүп калсын!" деген келиндин видеосу тарады
Интернетке дарыгерге асылып, аны кемсинтип сүйлөп, "ылайым сенин балаң өлүп калсын!" деген келиндин видеосу тарады. Анда колуна кызын көтөрүп алган эне дарыгер жазып берген рецептке макул болбой жатканын, оорукананын кызматкерлерине орой мамиле кылганын көрүүгө болот.
Видеодо дарыгерлер баланы карап, ага ОРВИ (курч респиратордук вирустук инфекция) деген диагноз койгонун айтышууда. Бирок кыздын апасы мындай дарылоого макул болбой, башка жол менен дарылоону талап кылып жатат. Нааразы болгон келин дарыгерди видеого тартып, социалдык тармакка чыгарам деп коркутуп, андан кийин "сенин кызың же балаң өлүп калсын!" деп айтканын угууга болот.
Бул окуя боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматына байланышканыбызда, окуя качан болгону белгисиз экенин билдирди.
"Бейтаптын дарыгерлерге карата жасаган орой мамилеси качан болгону белгисиз. Бирок окуя №3 балдар ооруканасында болгон. Дарыгерлер сасык тумоо болгондо, дароо эле антибиотик жазып бербейт. Дарылоонун жолдору бар. Жарандар тарабынан ушундай орой мамиле болсо ким иштемек эле? Ушул сыяктуу окуялардан улам 1 айда 4 дарыгер жумуштан кетип калган учур болгон", - дейт маалымат кызматынан.
Дарыгерлерге нааразы болгон келин

А бул кыз мамлекеттик ооруканаларды тоготпосо , колунан келсе - частныйга барсын , ар бир киргенине акча толоп .Бекердин ----- татыбайт кылбай . Ал Врачта бироонун апасы , бироонун аялы .
Дүйнөдө бир Алла Таалам кыйын, биз анын пенделерибиз тегиз бирдей укуктуу!
Бирок баары жаман дегенден алысмын, азыр частный педиатрга эле алып барам, акча деле коп албайт