super.kg logo

Кыздар, кармангыла! "ЕХО" тобундагы Чен үйлөнөт

 

Бүгүн, 13-январь күнү "ЕХO" тобунун мүчөсү Чен жакында үйлөнөрү жана ата болору тууралуу маалымат тарады. Чен күйөрмандарына биринчилерден болуп өзү жаңылыгын кабарлагысы келгенин социалдык баракчасына жазган.

"Салам, бул Чен. Мен сиздерге бир нерсе айтышым керек. Кантип башташты да билбейм, кабарды угузарда аябай кыжаалат болуп жатам. Бирок мен күйөрмандарыма биринчилерден болуп өзүм айтышым керек. Менин калган өмүрүмдү арнагым келген сүйлөшкөн кызым бар. Алгач мындай чечимдин натыйжасы кандай болот деп аябай ойлонгом. Бирок лейблдин бардык катышуучулары мени колдошту. Мени чын жүрөктөн куттуктаган күйөрман, досторума рахмат!", - деп жазган ал.

"EXO" тобунун продюсери "SM Entertainment" компаниясы да Чендин жаңылыгы тууралуу билдирүү таратты. "Чен өзгөчө бирөөнү жолуктурду жана жакында ага баш кошот. Келин жылдыз эмес, андыктан той жаштардын үй-бүлөсүнүн курчоосунда өтөт. Чен мындан ары деле артист катары катуу эмгектене бермекчи", - деп жазылат билдирүүдө. Андан сырткары, компаниянын өкүлү Чендин сүйүктүүсү кош бойлуу экенин ачыктаган.
2011-жылы түптөлгөн "EXO" корей-кытай балдар тобу Түштүк Кореяда гана эмес, дүйнөгө белгилүү бойбенд болуп саналат. Алардын дээрлик ар бири хитке айланып, сатык боюнча рекорд коюп келет. Башкы вокалист Чен учурда 27 жашта.





EXO - Monster

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(4)
Медиа-портал
23.08.2016. 17:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ухууу ушунун баарын ырдайбы
13.01.2020. 22:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Тообо
13.01.2020. 23:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Кирип эле кетпейби )))))
14.01.2020. 18:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызтекеге неге карманалы)
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: