"Көзүнөн жаш эле ага берет". Төрөттөн кийин кыймыл, үн-сөздөн калган келиндин жакындары анын туулган күнүн белгилешти



Төртүнчү баласын төрөгөндө мээсине кан куюлуп кетип, мурду менен тамактанып калган Залина Уметалиеванын тагдыры тууралуу буга чейин жазылган болчу. Ал 2018-жылы төрөт учурунда инсульт алып, ошондон бери колу, буту кыймылсыз, сүйлөй да албай калган.
Учурда ал Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Нурманбет айылында экенин жакыны Салтанат Аманкулова билдирди. Анын айтымында, жакында эле Залина Уметалиева 36 жашка толду, балдары, эң жакын адамдары топтолуп туулган күнүн белгилешкен.
"Залинанын абалы оор, дагы деле кыймылсыз, сүйлөй албайт. Бирок кыймыл-аракеттерге реакция кылат. Көбүнчө ыйлайт, тегерек четти карабай эле ыйлай берет, көзүнөн жаш ага берет. Кээде күлкү чыгып калса жылмаят. Анын көңүлүн аз да болсо көтөрөлү деп балдары, бир туугандары өзү жаткан керебеттин айланасын шөкөттөп, таттуу алып келип 36 жашка чыгышын белгилешти", - деди ал.
Ошондой эле анын төртүнчү баласы аман-эсен чоңоюп жатканын, учурда Уметалиеванын кайын журтунда экенин белгиледи.
"Залина Уметалиева 2019-жылы ооруканадан чыгарылгандан бери үйдө. Аны күнүмдүк кароого кымбат баадагы дары-дармек каражаттары керектелет", - деди Салтанат Аманкулова.
Төрөттөн кийин үн-сөздөн, кыймылдан калган келиндин туулган күнү


Фатиха суроосун окуп эле дэм сала бериниздерчи, баары Алладан, сууга да дэм салып ичириниздер
Кечирим сурайм
АЛЛАХ шыфаасын берсин
Көрбөгөндөй болуп кет АЛЛАХым шыпаа берсин