Бишкекте 2 күн ичинде жол коопсуздугун сактабаган 68 учур катталган
Бишкек шаарында 2 күн ичинде жол коопсуздугун сактабаган 68 учур катталды. Бишкек ШИИББинин Жол-кайгуул кызматкерлери 15-16-август күндөрү “Караңгылатуу” аталышындагы алдын алуу иш-чарасын өткөрүшкөн. Анда белгилүү болгондой, 68 айдоочу жол эрежелерин бузган. Анын ичинен унааны мас абалында башкарып бара жаткан 1 учур кездешкен. Ошондой эле жол белгилеринин талаптарын сактабаган 15, коопсуздук курун тагынбаган 4, жол чырактын тыюу салынган белгисинде өтүп кеткен 5 жана унаанын терезелерин караңгылатып алган 32 учур катталган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:54
2025-11-18
22:40
2025-11-18
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















