Москвада эрежесиз уруш турниринде массалык мушташ орун алган. Баш аламандык уюштургандардын арасында кыргыздар болгондугу айтылууда

Москвада эрежесиз уруш турниринде мушташ чыккан. Мушташка катышкандардын арасында кыргыздар да бар. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.
Ногинск шаарындагы "Витязь" күрөш искусствосу клубунун машыктыруучусу Павел Муртазиндин айтымында, окуя 26-январь күнү Москва шаарында орун алган. "Биз Москвада өткөрүлгөн "Колизей" турнирине барганбыз. Ал жакта массалык мушташка чейин көрүүчүлөр баш аламандык уюштуруп, калыстар менен талашып-тартышып, түртүшүп, тебишип жатышты. Аларды уюштуруучулар, коопсуздук кызматкерлери тартипке чакырганы менен эч кимиси уккан жок. Өздөрүн агрессивдүү алып жүрүштү, бөтөлкөлөрдү ыргытып жатышты. Ошонун кесепетинен массалык мушташ орун алып, клубдун балдары жаракат алды. Бирөөсүнүн башы жарылды, айрымдарынын колу, мурду сынды. Экөөнүн уюлдук телефону жоголду. Көрүүчүлөрдүн баары муну кылган жок. Конкреттүү бир адам чуу чыгарды, конкреттүү бир адам телефон уурдады. Андыктан аларды таап, жоопкерчиликке тартууну суранам", - деген ал билдирүүсүндө.
Ошондой эле Вести агенттигинин маалыматына ылайык, массалык мушташка спортчулардан тышкары Орусиянын аймактарынан келген, Тажикстан, Кыргыз өлкөсү, Өзбекстан, Армения, Азербайжандан келген көрүүчүлөр аралашкан. Алар отургуч, колуна эмне илинсе 4-5тен спортчуларга кол салышкан.
Москвада өткөн аралаш мушташ турниринде мушташ чыкты






1 |