"Мени видеого тартууга милициянын укугу барбы?". Кой-Ташта каза болгон спецназдын өлүмүнө шектүү кат жазды




Кой-Таштагы окуяда каза болгон "Альфа" атайын багытындагы кызматтын подполковниги Үсөнбек Ниязбековдун өлүмүнө шектүү катары ИИМ Рыспек Карыпбек уулу аттуу жаранды кармаган. Анын баш коргоо чарасы 3-февралда кайрадан каралып, 9-апрелге чейин узартылган болчу.
Алты айдан бери тергөө абагында жаткан Рыспек Карыпбек уулу Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борборго жана Акыйкатчы институтуна кат менен кайрылганын КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева маалымдап, анын жазган каты деген кагаздын сүрөтүн жарыялады. Анда төмөнкүдөй кайрылуу жазылган.
"Урматтуу Нурдин Эсенбекович,
Урматтуу Токон Болотбекович,
Урматтуу журналисттер!
Мен Карыпбек уулу Рысбек, ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы башкы башкармалыгынын кызматкери С.Э. (редакция аты-жөнүн кыскартты) тарабынан 2019-жылдын 10-августундагы Кой-Таш окуясында УКМКнын «Альфа» атайын бөлүгүнүн кызматкери Үсөнбек Ниязбековду өлтүрдү деген шектелүү менен кармалганмын.
Ошол эле күнү С.Э. ИИМдин имаратынын ичинде мени уруп-сабап, коркутуп өмүр баянымды сүйлөтүп, уюлдук телефонунун камерасына жаздырып алды.
2-3 күн өткөн соң ата-энем, бир туугандарым УКМК кызматкерин өлтүргөн адам мен Карыпбек уулу Рысбек экенимди "далилдеген", ИИМдин кызматкери Э.С. тарткан видео интернетке тарап жатканын айтышты. Ал видео Facebook, Instagram жана Youtube баракчаларында таратылыптыр. Азыр да ошол видео Youtube'да "Спецназды өлтүргөн адам кармалды" деген тема менен илинип турат.
Беш ай өткөн соң УКМК "Альфа" атайын бөлүгүнүн жоокерин мен өлтүрбөгөнүмдү тергөө аныктады.
Урматтуу Кыргызстандагы адам укугун коргогон мырзалар!
Урматтуу журналисттер!
ИИМдин кызматкери С.Э. мени видеого тартып, соттун чечими жок, адам өлтүргүч деп атап, күнөөсүздүк презумпциямды бузуп, коомчулукка таратууга укугу бар беле?
Эгер С.Э.нин ушул иш-аракети, башкача айтканда, мени мыйзамсыз видеого тартып, жалган жалаа менен коомчулукка адам өлтүргүч катары көрсөткөнү мыйзамсыз болсо, анда буга укуктук баа берип, аталган кызматкерди мыйзам талаптарына ылайык жоопкерчиликке тартууга жардам берүүңүздөрдү суранам.
№1 СИЗО
Карыпбек уулу Рысбек", - деп жазылат анын катында.
Бул боюнча биз Рыспек Карыпбек уулунун агасы Нурбек Исмаиловго байланышканыбызда, ал "Иним буга чейин эле аталган мекемелерге кайрылып келген. Дагы кат жазганын билбейм, жазышы да мүмкүн" дейт.
Ал эми акыйкатчы Токон Мамытов жүйөөлүү себептер менен жумушта эмес экенин, кат келген келбегенин азыр айта албастыгын билдирди.
"Кырсыктап бир жерде жүрдүк эле, азыр бир маалымат бере албайм. Бирок ушундай өңүттөгү кат келсе аны карап чыгып укуктук баа берүү биздин кызматка кирет. Биз муну карайбыз", - деди ал. ИИМдин маалымат кызматы бул боюнча маалыматтарды карап чыгып билдирүү таратарын белгиледи.
SUPER.KG тиешелүү бардык тараптардын маалыматын жарыялоого даяр.
Спецназды өлтүрүүгө шектелген жаран өзүн тааныштырды





1 |