Аламүдүн районунда вагон үй толугу менен күйүп кетти
Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунда вагон үй толугу менен күйүп кетти. ӨКМнын маалыматына ылайык, өрт тууралуу билдирүү кечээ, 16-февралда саат 16:47де келип түшкөн. Өрт саат 19:17де толук өчүрүлгөн.
"Бишкек-Торугарт айланма унаа жолунун түндүгүндө жайгашкан жалпы аянты 25 чарчы метр болгон вагон үй толугу менен күйүп кетти. Өрттүн келип чыгуу себептери такталууда. Кырсыктын кесепетинен жабыркагандар жок", - дешти маалымат кызматынан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















