Өзбекстанда коронавирус менен жабыркагандардын саны 6га жетти
Бүгүн, 16-мартка карата Өзбекстанда коронавирус менен жабыркаган дагы 2 факты катталды. Жабыркагандардын бири ымыркай экенин чет элдик басылмалар аталган өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигине шилтеме берүү менен жазып чыгышты.15-март күнү алгач Франциядан келген аял коронавирус жуктурганы аныкталган. Андан көп өтпөй Саламаттыкты сактоо министрлиги дагы 3 адамдан вирус табылганын билдирген. Алар Франциядан келген аялдын кызы менен баласы жана 15-март күнү Стамбулдан учуп келген Өзбек жараны болгон.
Учурда Өзбекстанда 6 адам коронавирус менен жабыркап жатат.
Өзбекстанда 6 адам коронавирус менен жабыркап жатат
Автор: Гүлшат Ысамамат кызы
Оператор: Равшан Тойчиев
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:14
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















