super.kg logo

Кыргыз Эл артисти Эгемберди Чалабаевге күйөө бала болгон актёр Анвар Осмоналиев: "Кечээ маңдайга жазганы болот деп 300 конокко ылайыкташкан той өткөрдүк"

 

Кечээ, 18-март күнү Бишкектеги тойканалардын биринде актёр Анвар Осмоналиев менен Кыргыз Республикасынын Эл артисти Эгемберди Чалабаевдин кызы Эл-Айдын баш кошуу тою болуп өттү. Тойго алдын ала даярданып алгандыктан, коронавируска байланыштуу тойду токтото алган жокпуз дейт актёр SUPER.KG порталына.

- Анвар, куш бооңор бек болсун! Тойду жакшы өткөрүп алдыңарбы?

- Кечээ тоюбузду ойдогудай өткөрүп алдык. Башында шаарда көп адам чогулган жерге барууга болбойт деп чектөө киргизгенине байланыштуу тойду кантебиз деп аябай баш катырдык. Ата-энем, кайната-кайненемдер, туугандар менен кеңешип, көп жылдан бери күтүп, пландап келген тоюбузду токтотпой эле коёлу деп чечтик. Үйлөнүү тоюбузга жалпы 300дөй конок чакырганбыз. Дээрлик баары эле келишти. Бир үйдөн 3-4 адам чакырган болсок, балдардын коопсуздугун ойлоп калтырып келдик деп ар бир үй-бүлөдөн бирден өкүл келди. Коноктор аз келсе деле капа болбой, түшүнмөкпүз. Той болор күнү "200дөй адам болобу-болбойбу, кандай кылалы?" деп чалып сурап чыгышты.

- Кечээ Кыргыз өлкөсүндө 3 жарандан коронавирус аныкталып, эл дүрбөлөңгө түштү. Ал эми коомчулукка эл көп чогулган жерге барбагыла деп эскертилди. Бул жактан алганда чоң жоопкерчилик болду да силерде? Ал жагын кандай чечтиңер? Текшерүү болдубу?

- Албетте, чектөөлөргө байланыштуу көп элди чакыргандыктан, бизде чоң жоопкерчилик болду. Бирок маңдайга жазганы болот дедик. Той учурунда тиешелүү органдардан келип тойду токтоткула деп талап кылышса кантебиз деген чочулоо болду. Күндүз той пландалган ресторанга санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл ишканасынын кызматкерлери келип текшеришкен. Досторум да барып кызматкерлерге жолугуп, биздин абалыбызды айтышса, алар түшүнүү менен бизге жоопкерчиликти тапшырып, уруксат беришиптир. Биз сейилдеп жүргөндө башка тиешелүү органдардан да келип текшеришти дешти. Ата-эне, аксакалдарыбыздын жоопкерчилигинде тойду өткөрдүк.

- Кайнатаңыз менен мурунтан тааныш болсоңуз керек?

- Эл-Ай экөөбүз бир короодо чоңойгонбуз. Андыктан кайнатамдар мени мурунтан билишчү. Бирок ошентсе деле кайнатамдан сүрдөп турчумун. Той белгиленип калганда кайнатам чакырып "Тазбаймат, кандайсың?" деп бооруна кысып, абалымды сураса, кубанычым коюнума батпай сүйүндүм. Ошондон бери мурункудай сүрдөбөй да калдым.

- Рахмат маегиңиздерге. Бактылуу болуңуздар!

Актёр Анвар Осмоналиев 16-мартта сүйүктүүсу Эл-Айга үйлөнгөн.






Актёр Анвар Осмоналиев жана жубайы Эл-Ай Чалабаева

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -5 
Комментарийлер(36)
19.03.2020. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+40
Эл артисти болгон кайнатана соз тийиптир да. Силерди койгула, тура тургула десе болмок.
19.03.2020. 16:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+36
Атка минерлер акчаны алып жакшы өткөрүп ал десе өткөрүп алатта.
19.03.2020. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+32
Биз ээнбаш элбиз да,мындайды токтотуш учун соссуз эле тойдо бир кафеден элге массово жугуш керек да ошондо токтойт.
19.03.2020. 16:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Кудай сактасын арасында ооруп калышса ушулар куноолуу болушат.
19.03.2020. 16:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-65
Уахаха ичинер куйуп жатабы ??? Туз жалягыла))) 300 адам келсе эч нерсе эмес.Туура айтты,мандайга жазган болот.Бут нерсе мандайга жазгандай болот,биз озгорто албайбыз. Тойдо жыргаш керек болушунча жыргаш керек!!! Тим эле ызы чуу чыгарасынар!!!
19.03.2020. 16:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+34
Patoshik1,жок, той бериптир деп ич күйгөн жок. Оору таркап, күнөөсү жоктор ооруп калабы деп жан күйүп жатат.
20.03.2020. 08:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Patoshik1,тупик. Той кылганы таптипти сактабай кыргыз элине кылган кыянатчылыгы.
19.03.2020. 16:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+28
Откоргон ресторанга да
Тойду откоргон адамга да штраф салыныш керек
Баарына сабак болмок
Ото окунучтуу
aidinaernur түзөттү 2020-03-19 16:24:35
19.03.2020. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Кыйраттынар!
19.03.2020. 16:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
Законго баш ийбегендерди жоопко тартыш керек.Мактанатго мадыра баш кыйратып койгонсуп
19.03.2020. 16:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Пир во время чумы!
19.03.2020. 16:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+23
Окмоттун "катуу козомолу" ушубу?? Анда коронавирус деле жок окшойт,только элди дурботуп товар откоруунун максаты го . Анан дагы "ичинер куйсо туз жалагыла" дегендерге айтаарым,той бергендерге ич куо турган заман эмес азыр. Тойду жоноокой адамдар деле зангыратып откоруп атышат
19.03.2020. 17:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Бир байкушка очойто штраф салмак
19.03.2020. 17:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Карасанар кыргыздар кандай эл экени ушундан эле билинип турат .Ээн баш, президенттин созун укпайт, кылба деген нерсени кылат, жоопкерчилик эмне экенин билишпейт, бир эле нерсеге ичим куйот тартипке баш ийбеген калк болгон учун онугуу жок баарына президенти куноолойбуз. Болбойт деген нерсени болбойт экен деп качан уйронобуз? Эгер биз озубуз мыйзамды сыйлап айтканды уксак жоопкерчилик эмне экенин билсек тукургонду токтотсок озубуз эле онукмокпуз . Тойдун заманы эмес азыр муну билгиле
20.03.2020. 15:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
States,эн туура
19.03.2020. 17:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Тойду токтотсо эч нерне болбойт
19.03.2020. 17:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Мына даяр факты..Тойканага да,той ээсине да админстративдик кодексти колдонуп туруп штраф салсынчы..,ии дейли,чын жле мам.органдар иштеп атыптыр деп..суперчилер силерге сунуш:ушул фактыны алып чыксанар штаб кундо откоруп жаткан жыйынга элдик гезит,сайт экенинерди далилдеп?Биз да королу,жаза колдонсо,ишеничтуу уктайлы иштеп аткандарына ишенип..беш-он киши болсо да тааныган кишиге салынган айып эффективдуу болот.
19.03.2020. 18:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Штраф салыш керек.эмне булардыкы ак бекен
19.03.2020. 18:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Албетте эки жашка бакыт каалайбыз баарыбыз эле. Бирок мына ушундай жоопкерчиликсиздиктен кыргызга тез жайылышы мүмкүн. Тартип деген жок бизде. Мындай кырдаалда кылмыш жообуна тартыш керек, штрафтан айрым акчалуулар коркпой канча адамдын өмүрүн тобокелге салып өткөрө беришет. Тойду кечиктирип деле берсе болот да. Эми Кудай сактасын. Качан элибизге акыл кирет билбейм.
19.03.2020. 18:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Колунардан не келет дегениби,дагы мактанып жазыптыр,кана кафе ресторан жабылганы,демек болоберет экенда буларга
19.03.2020. 18:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Маңдайыңа бир жерим сен элди ойло өзүңдү ойлобосоңда, бул тоготпогондук очойтуп айып пул салгыла. Шоу бизнестин өкүлдөрүнүн маданиятсыздыгы бул жакта дүйнө эли дүрбөлөңгө түшүп жатса бул кылганы туура эмес.
19.03.2020. 20:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бул жагы Декамерон болуп кетиптир го. 1348-жылы Флоренцияда элдер чумадан кырылып атышса биздин эл артистинин балдарына окшогондор шаардын сыртында эс алып эркеги аялы дебей сайрандандашкандай эле болуптур.Азаматтар соз жок кылыгынарга.
satyke түзөттү 2020-03-19 20:04:21
19.03.2020. 21:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Озунун кызыкчылыгын ойлогон акмактар коп. Кудай дагы сактанганды сактайт
19.03.2020. 22:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кыргыз элим тартипке баш ийели, тартиптүү бололу ошондо баары жакшы болот.
Дүйнө эли дүрбөлөңгө түшүп жатса мынтип той өткөркөн туура эмес.
Бир аз сабырдуураак бололу.
19.03.2020. 22:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Мыйзамдар карапайым элге эле иштейт
20.03.2020. 00:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Эми медовый месяцты Уханьдан откоргуло ,ушунча болду...
20.03.2020. 02:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ооба туура элдер жоон эле ызуучу болуп жаткан жок.Бул жерде жоопкерчилик керек дуйно жузундо баардыгы дурболон болуп жаттышат булар той откоруп атат.Той болот тойдун эртеси дагы болот дегендей ощол жерден бироо ооруган болсочу? Ага ким жооп берет?Биздин тойбостор ушул учурда дагы акча алып анан кеттишти да жон кетпейт эле. Бул мамлекетке чыкынчылык деп ойлойм
20.03.2020. 07:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эки жаш бактылуу болсун. Адам эмес эле айбан экенсин кылба дедиби кылба оз
кызыкчылыгынды ойлоп, бизде онугуу жок дейбиз баарыбыз ушундай жоопкерчиликсиз мамиле кылабыз законго законду сыйлабайбыз анан прездент жаман зокон иштебейт деп ызылдайбыз . Эми ошол 300 адамды текшерип эки жашты карантинге алыш керек медовой месяцты откоруп жата берсин
20.03.2020. 09:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
kechirmeni, этика нормаларын сактаңыз. Эскертүү!
Эрежерлерге туура келбеген билдирүүлөр өчүрүлөт.
20.03.2020. 10:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бийликке баш ийбегендик.
20.03.2020. 13:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Арасында коноктор нараазы болуп шекшип келди бир ай шектенип жашайт анан кантип бактылуулук! Бизде той токтобойт ресторандыр алган продукталар баары бизнестда ошо чондорубузга карайт!
20.03.2020. 14:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уйдон чыкпайлы,жоопкерчиликтуу бололу деп аткандар тойдо журот го..а кафе ресторандар жабылды деп кобурап атканынарчы...соз деле жок(((
20.03.2020. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Той болсун туура бирок азыр эмес.Азыр баардыгы оорунун алдына алууну коздоп жаттышат булар болсо Кыргыз элине чыкынчылык кылып той беришти. Суроо туулуп жаттат биздин Президет чыгып элге кайрылуу жасады тойлорду токтотуп туруну булар жок ага каршы иш кылышты 300адам бул коп.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: