super.kg logo

Кыргыз Эл артисти Эгемберди Чалабаевге күйөө бала болгон актёр Анвар Осмоналиев: "Кечээ маңдайга жазганы болот деп 300 конокко ылайыкташкан той өткөрдүк"

 

Кечээ, 18-март күнү Бишкектеги тойканалардын биринде актёр Анвар Осмоналиев менен Кыргыз Республикасынын Эл артисти Эгемберди Чалабаевдин кызы Эл-Айдын баш кошуу тою болуп өттү. Тойго алдын ала даярданып алгандыктан, коронавируска байланыштуу тойду токтото алган жокпуз дейт актёр SUPER.KG порталына.

- Анвар, куш бооңор бек болсун! Тойду жакшы өткөрүп алдыңарбы?

- Кечээ тоюбузду ойдогудай өткөрүп алдык. Башында шаарда көп адам чогулган жерге барууга болбойт деп чектөө киргизгенине байланыштуу тойду кантебиз деп аябай баш катырдык. Ата-энем, кайната-кайненемдер, туугандар менен кеңешип, көп жылдан бери күтүп, пландап келген тоюбузду токтотпой эле коёлу деп чечтик. Үйлөнүү тоюбузга жалпы 300дөй конок чакырганбыз. Дээрлик баары эле келишти. Бир үйдөн 3-4 адам чакырган болсок, балдардын коопсуздугун ойлоп калтырып келдик деп ар бир үй-бүлөдөн бирден өкүл келди. Коноктор аз келсе деле капа болбой, түшүнмөкпүз. Той болор күнү "200дөй адам болобу-болбойбу, кандай кылалы?" деп чалып сурап чыгышты.

- Кечээ Кыргыз өлкөсүндө 3 жарандан коронавирус аныкталып, эл дүрбөлөңгө түштү. Ал эми коомчулукка эл көп чогулган жерге барбагыла деп эскертилди. Бул жактан алганда чоң жоопкерчилик болду да силерде? Ал жагын кандай чечтиңер? Текшерүү болдубу?

- Албетте, чектөөлөргө байланыштуу көп элди чакыргандыктан, бизде чоң жоопкерчилик болду. Бирок маңдайга жазганы болот дедик. Той учурунда тиешелүү органдардан келип тойду токтоткула деп талап кылышса кантебиз деген чочулоо болду. Күндүз той пландалган ресторанга санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл ишканасынын кызматкерлери келип текшеришкен. Досторум да барып кызматкерлерге жолугуп, биздин абалыбызды айтышса, алар түшүнүү менен бизге жоопкерчиликти тапшырып, уруксат беришиптир. Биз сейилдеп жүргөндө башка тиешелүү органдардан да келип текшеришти дешти. Ата-эне, аксакалдарыбыздын жоопкерчилигинде тойду өткөрдүк.

- Кайнатаңыз менен мурунтан тааныш болсоңуз керек?

- Эл-Ай экөөбүз бир короодо чоңойгонбуз. Андыктан кайнатамдар мени мурунтан билишчү. Бирок ошентсе деле кайнатамдан сүрдөп турчумун. Той белгиленип калганда кайнатам чакырып "Тазбаймат, кандайсың?" деп бооруна кысып, абалымды сураса, кубанычым коюнума батпай сүйүндүм. Ошондон бери мурункудай сүрдөбөй да калдым.

- Рахмат маегиңиздерге. Бактылуу болуңуздар!

Актёр Анвар Осмоналиев 16-мартта сүйүктүүсу Эл-Айга үйлөнгөн.






Актёр Анвар Осмоналиев жана жубайы Эл-Ай Чалабаева

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -5 
Комментарийлер(36)
19.03.2020. 15:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+76
Эң чоң жоопкерсиздик деп эсептейм! Минус койсоңор коё бергиле. Дени соо, мурун өпкө оорусу жоктор жеңилирээк көтөрсө ооруну, кары-картаңдарга жукса оор болот деп бүт дүйнө сайрап жатса. 300 адамга той берген жоопкерсиздик.
20.03.2020. 00:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
HHFRU,
Тоюнар кут болсун. Ар бир уйдо той гана болуп турсун.
19.03.2020. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+60
Кана министрилик, неге буларга чара көрбөйсүңөр?
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: