super.kg logo

Бишкек шаарында өз алдынча дартты аныктоо алгоритми иштей баштады (видео)

 

Бүгүн, 6-апрелде эртең мененки саат 08:00дөн баштап алгачкы өз алдынча дартты аныктоо алгоритми иштей баштады. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматынан кабарлашты.

"Эми шаардыктар Саламаттыкты сактоо министрлигинин 118 ыкчам байланыш кызматы аркылуу өз алдынча дартты аныктоо боюнча медициналык консультация ала алышат. Адистер ыкчам телефон аркылуу эпидемиологиялык анамнез чогултушат. Кайрылган жарандын акыбалын кеңири иликтеп, атайын иштелип чыккан анкета толтурулат", - деп айтылат маалыматта.

- Акыркы 30 күндүн ичинде башка өлкөдөн келген болсоңуз;

- Өлкөнүн эпидемиологиялык аймактарына каттасаңыз;

- COVID-19 инфекциясына чалдыккан адам менен тыгыз байланышта болгон болсоңуз;

- Обсервация мекемелеринде же үй карантинде дарыгерлердин көзөмөлүндө болсоңуз;

- Эгер жөтөлүп, демиңиз кысылса, дене табыңыз жогору болсо, инфекцияны аныктоодо коркунуч жаралса, ал жерге дарыгер, эпидемиолог менен лаборанттын курамында уюлдук бригада жиберилип, экспресс-скрининг жүргүзүшөт.

- Экспресс-тесттин жыйынтыгы боюнча бейтап ПЦР-тесттин жыйынтыгы чыкканга чейин өз үйүндө болот, укук коргоо органдары коопсуздукту камсыздайт.

Ошондой эле шаардыктардын карантиндеги кыймылын жана ден соолугунун абалын каттоо үчүн күндөлүк анкетасы менен мобилдик тиркеме иштелип чыккан. Эми ар бир жаран карантин боюнча SMART-көзөмөл астында турат.

Өз алдынча дартты аныктоо боюнча байланыш кызматы эртең мененки саат 08:00дөн кечки саат 19:00гө чейин иштейт.






Бишкек шаарында өз алдынча дартты аныктоо алгоритми иштей баштады

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: