super.kg logo

"Мушташам деп чыкты". Жалал-Абадда мэриянын жардамын таратып жүргөндөрдү сөккөн адамга кылмыш иши козголду (видео)

 

"6-апрель күнү Жалал-Абад шаарынын Жеңиш көчөсүнүн тургуну 40 жаштагы А.Б. арыз менен кайрылган" деп билдирди Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча комендатуранын басма сөз кызматынан.

Маалыматта жазылгандай, анын арыз жазуусуна ошол эле күнү болжол менен саат 11:30 чамаларында Жалал-Абад шаарынын Курорт көчөсүндө Гани аттуу киши эч бир себепсиз уят сөздөр менен сөгүп, урууга аракет жасаганы себеп болгон. Бул окуя боюнча Жалал-Абад ШИИБи тарабынан алдын ала текшерүү иштери жүргүзүлдү.

"Жалал-Абад шаардык мэриясы тарабынан муктаж болгон үй-бүлөлөргө алдын ала түзүлгөн тизме менен ун жана башка азык-түлүк таратылып жаткан учурда 33 жаштагы Б.Г. «мага да жардам барбы?» деп айыл активи А.Б.га кайрылган.

Айыл активинин «Бул тизмеде жок экенсиң, биздин жумушка тоскоолдук кылбай тур» деген жообун угуп, ачууланып уят сөздөр менен сөгүп, кол көтөрүүгө аракет жасаган. ӨКМнын кызматкерлери ортого түшкөн. Б.Г. алар менен да мушташууга аракет жасап, оозго алгыс уят сөздөр менен сөгүнүп, бейбаштык аракеттерди жасагандыгы аныкталган жана бул учур жабырлануучу тарабынан видеого тартылып алынган.

Бул факты боюнча топтолгон материал Жалал-Абад ШИИБинин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жоруктар кодексинин 119-беренеси "Майда бейбаштыктын" негизинде сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Шектүү өзүн ачуулукка алдырганын, чынында анын да үй-бүлөсү жардамга муктаж экендигин билдирип, кечирим сураган. Учурда сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында тергөө иштери улантылууда", - деп жазылат маалыматта.

Эскертүү: Видеодо сөгүнгөн сөздөр бар!






Жалал-Абадда мэриянын жардамын таратып жүргөндөрдү сөккөн адамга кылмыш иши козголду

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
07.04.2020. 20:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушул неге майда бейбаштык? Бул деген акыбалды билип туруп провокация кылып жатпайбы
07.04.2020. 20:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Нерв калбады да адамдарда уйдо жатып,казынан жык болсо гооо жатмаксын
07.04.2020. 20:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эртерээк карантинден чыкпасак көбүндө башталат мындай окуялар.Элдер уже ачка боло баштады. Бул жакшы көрүнүш эмес
07.04.2020. 20:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул күндөрүбүз эртерек бүтүп кетпесе карапайым калк нервтен оруп калышты бала чаканы кантип багабыз квартиранын акчасын кантип төлөйбүз иштейин десен ишин жок деген ойлор менен....!!!!!

Аттин ааааааааай Кыргыз элиме кыйын болуп атат сабыр кылгыла бул күндөрүбүз да өтөт буйруса.....!!!!!!!
07.04.2020. 21:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уйдо иш жок олтуруп калса,бала-чакасына жеткире албай нерв болгонго.Негизи тааныш-билиш болуп, кобунчо муктаж болгондорго жетпей калат.
07.04.2020. 21:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жардам бергендер да элдерди басмырлабай милдет кылбай берсенер мындай нерселер болбойт
07.04.2020. 22:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Не кылсын бечара уйдо продукта тугонуп не кылар айласын тапай атса чондор берип атабыз эле дейт кана ошол жардам эч кимге берилген жок угуп атабыз мерияда иштеген мамлекете иштегендер уйно апкелип туугандарын начар уй було деп жаздырып алып атышканын ынсап кылгылачы кудай коруп туратко
08.04.2020. 02:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бугун жардам келген экен биз жака ,байдын байлыгын байкуш кызганат болуп бир эже мен алам,пропискасы барлар алат ,квартиранттар албайт.бизден ашса аласынар деп ызылдайт.кв.р болсо тизилип калыптыр эмне кылышаарын билишпей.мен айттым анан кв.р ачка болбойбу?же жардам алыш учун созсуз уйлуу болуш керекпи деп.ызылдашып жатып болунду бир килодон болсо дагы.аягында ашырып туруп уйуно кийирип кетиптир.озу мугалим эже ынсап берсин деп койдум
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: