super.kg logo
  Саясат  

Талас облусунда муктаж болгон үй-бүлөлөргө "Исмаил Матраимов" фондунан 50 тонна ун жана 3 миң даана бет кап берилди

 

"Республиканын аймагына тарап жаткан гуманитардык жардам Талас облусуна дагы жетип, аз камсыз болгон жана жардамга муктаж үй-бүлөлөргө таратылып берилди", - деп билдирди Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов.

Анда айтылгандай, жардамдар "Исмаил Матраимов" фондунан бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун жардамы менен берилүүдө.

"50 тонна ун жана 3 миң даана бет капты жергиликтүү бийлик жана активдүү жаштар тиешелүү даректерге жеткирүүгө көмөк кылышты, аларга ыраазычылык билдиребиз. Мындан тышкары ишемби күнү Талас облусуна дагы кошумча 50 тонна ун жөнөтүлөт.

Белгилей кетчү нерсе, касиеттүү Талас жергесинде илдет катталган жок. "Исмаил Матраимов" кайрымдуулук фондунун жамааты таластык туугандарыбызга ден соолук каалап, кырсык-оорулардан алыс болуӊуздар деген тилегибизди билдиребиз", - деп жазылат анын билдирүүсүндө.

Буга чейин өлкөнүн башка аймактарына да аталган фонддун жардамдары жеткирилген.






Талас облусуна "Исмаил Матраимов" фондунан жардам жеткирилди

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: