super.kg logo

"Азыр жарандарды каттооң бар же жок деп бөлө турган учур эмес". Министр жаңы конуштарды кыдырып чыкты (видео)

 

Бүгүн, 14-апрелде Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров "Дордой" базары тараптагы Ак-Жар, Калыс-Ордо конуштарын кыдырып, жашоочулардын абалын билип кайтты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.

"Муктаж адамдарга азык-түлүктөр адилеттүү, даректүү таратылбай жаткандыгы боюнча жер-жерлерде нааразычылыктар айтылып келген. Мындан улам бүгүн, 14-апрелде Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров ошондой терс көрүнүштөрдү көрүп, угуп келди", - деп билдирди маалымат кызматынын өкүлү.

Ал эми Кочкоров: "Мекендештерге жалпы эле жеке кайрымдуу жарандардын, өкмөттүн атынан берилип жаткан жардамдар канчалык даректүү жетип жаткандыгы боюнча бир карап көрөлү деп конуштарга келдик. Жарандар тарабынан бир топ нааразычылыктар бар жана бул жерде адамдык фактор иштеп жатат. Айтып кетейин дегеним, учурда жарандарды шаардык же шаардык эмес, каттоосу бар же каттоосу жок деп бөлө турган күн жана заман эмес. Ошондуктан министрликтин алдында депозиттик эсеп ачылган. Эсепке бир топ акчалар келип түшүп жатат. Ал акчаларды биз жергиликтүү бийликтин берген тизмесинин негизинде жарандарга бөлүп берүү аракеттерин жасап жатабыз", - деп билдирген Кочкоров конуш кыдыруу учурунда.






Кочкоров: "Муктаждарга берилип жаткан азык-түлүк адилеттүү таратылбай жатыптыр"

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(3)
14.04.2020. 17:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ушул Кочкоров оз ишин мыкты билген,так аткарган киши корунот.
14.04.2020. 18:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Улукбек Кочкоровду премьер министр кылып коюшса.Жакшы иштесе керек эле
14.04.2020. 18:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн жакшы. Бирок туштук кг ни дагы ачсанар жакшы болот эле.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: