Депутат экономикалык туруктуулукту сактоо боюнча атайын фонд ачуу керектигин айтты
Депутат Абдывахап Нурбаев экономикалык туруктуулукту сактоо боюнча атайын фонд ачуу керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 30-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Эл өкүлүнүн айтымында, жумушсуздук күч алып жатат. Ошону менен катар эле экономика катуу жабыр тартып жатканын белгиледи. "Премьер-министр өзү жетекчилик кылып, ишкерлердин жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда атайын фонд түзүшү керек. Ачык-айкындуулук камсыздалып, каржы чогултуу жаатында ишеним пайда болот", - дейт Нурбаев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:27
2025-11-23
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















