Жан кашаят. Сузактагы 150 гектар жер Өзбекстанга өтүп кеттиби? Аким жооп берет
Бүгүн, 26-майда интернет желелерине "Өзбекстандын чек арачылары Кыргыз өлкөсүнө тиешелүү 150 гектар жерге казык кагып, өз алдынча басып алды" деп жарандын айтканын чагылдырган видео тарады.
Видеодон жарандын "Кыргыз өлкөсүнүн 150 гектар жерин Өзбекстандын чек арачылары келип казык кагып, тосуп алышты. Алар казык каккан жер Кара-Дарыянын Ак-Мечит участкасында. Кошуна эл бизге тиешелүү жерди алып койду. Мамлекет эч кандай жардам кылган жок, бул жакта аскер кызматкерлери турат. Биздин айыл башчы Латып аке дагы биз менен чогуу. Өзбекстан эч кандай документи жок эле биздин жерди тосуп алышты. Биз тараптан эч кандай кадам болгон жок, аким дагы келбеди" деп айтып, чек ара кайсы жерден бүткөнүн жанындагы адамдан сурап жатканын угууга болот.
Маалыматка ылайык, мурун аталган жерге жүгөрү, беде жана башка өсүмдүктөр, жер-жемиштер эгилчү. Кийин шалы эккенге уруксат берилип, азыркы тапта аталган жер аянтына жергиликтүүлөр шалы эгишмек.
Бул видео тарагандан кийин коомдун көңүлү Жалал-Абад облусуна бурулуп, социалдык тармактын колдонуучулары, жарандык активисттер уу-дуу кепке түшүп, айтылгандардын аныгын билүүнү талап кылып, билдирүүлөрдү жазып жатышат. Ал жазылгандардын ичинен көпчүлүгү өкмөттү жактагандар эмес, жектегендер.
Мындан улам SUPER.KG порталы Сузак районуну акими Эрмек Омошевге маалыматтын чын бышыгын сурап, суроо салды.
- Социалдык тармакка тараган видеодон кабарыңыз болсо керек. Маалыматта айтылган 150 гектар жер кандай жер жана ал жер тилкеси аныгында кимге тиешелүү? Жер бизге таандык болсо, анда жергиликтүүлөр айткандай алар эмнеге уруксатсыз казык кагып киришет?
- Биздин райондун аймагындагы жердин 68 чакырымдай бөлүгү Өзбекстан менен чектешет. Азыркы тапта Өзбекстан менен Кыргыз өлкөсүнүн ортосунда чечилбеген талаш жерибиз жок. Бардык чекиттер коюлуп, мамлекеттик деңгээлде чек ара аймактары макулдашылып, чечилген. Интернетке тараган видеодогу жер тилкеси боюнча айтсак жер участогу Көк-Арт дарыясынын боюндагы Кара-Дарыя айылынын эң ылдыйкы этегинде жайгашкан. Көк-Арт дарыясы аркылуу өтүүчү суунун көлөмүнө жараша бул жерди жылына суу жеп кетип турат. Акыркы жылдары сайдагы дарыянын суусу кескин азайды. Мурун суу 300 кубга чейин акса, азыркы тапта суунун көлөмү 150 кубга да жетпей калып жатат. Ошондуктан сайдын нугу Өзбекстан тарапка өтүп, дыйкандар эгин эгип жаткан жер сайдын берки бети болгон. Ошол жерде бир топ жылдан бери Кыргыз жарандары дыйканчылык кылып келет. Бирок алардын колдорунда жер аларга тиешелүү экенин укуктук жактан күбөлөндүрүүчү бир да документ жок. Аталган жер тилкеси чынында биздин элге тиешелүү үлүш жер эмес. Ал илгертеден такталган Өзбекстандын аймагы.
- Жер такталган Өзбекстанга тиешелүү деп жатасыз. Анда аларга тиешелүү экенин далилдеген документ кайсы жылга таандык?
- Анын кайсы жылы такталганын анык билбейм. Бирок бизге Кыргыз өлкөсүнүн өнөр жай энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинен (Госкартография) атайын адистер келип, такталган чекиттерди көрсөтүп берген. Алар көрсөткөн беш чекиттин ичинен биздин дыйкандар быйыл да эгин эгип алган жерлер бар экени белгилүү болду. Бул илгертен бери келе жаткан карталардын негизинде такталган жер. Ошондуктан биздин элибиз айыл өкмөттөн да келишим түзбөстөн, жер тилкелерин бизге таандык деп, өз алдынча эгин эгип жүрүшкөн.

Мындан улам ал жерде бир да дыйканыбыздын үлүш жери жок деп айтсак болот. Баса белгилеп айтып койгум келет, бул жерде бир да жер Өзбекстанга өткөн жок. Анда такталган гана чек арага казыктар кагылды. Госкартография чек ара тилкелерине чекиттерди коюп жатканда мен баш аягына чейин ошол жерде турдум. Ал эми видеодо жарандар аким жок деп айтып жатканынан улам мен күндө ал жерге барып тура албайм да, башка толгон ишим бар. Алар барган мезгилде мен жок болуп калышым мүмкүн. Бирок түшүндүрүү иштери болуп жатканда баштан аяк ошол жакта болуп, элдин көйгөйлөрү менен иштеп жатабыз.
- Коомчулук тарабынан эгерде аталган жер Өзбекстанга тиешелүү болсо, анда алар мурун эле Кыргыз дыйкандарына жерди иштетүүгө уруксат бермек эмес деген пикирлер айтылууда. Буга кандай комментарий бересиз? Аныгында ушундай эмеспи?
- Ал жерден дарыя өтөт. Дарыя биз тарапка акканда өзбек тараптын дыйкандары иштетип жүргөн. Ал эми дарыя Өзбекстан тарапка акканда жерди биздин дыйкандар иштетип келген. Мындан улам бул маселе дарыянын агуу нугуна жараша болуп келген. Ал жер илгертен эгин эгилген талаа эмес, суунун орду болчу. Эгер суу көп аккан болсо, эмгекке карабай дыйканчылыктын баарын суу жууп кетет.
- Ошондо казык кагылды, демек жер тилкесине мындан ары жарандар ээлик кыла алышпайт?
- Ооба, кандай дарыянын нугу болбосун, ал жерде координаттар белгиленет экен. Ал координаттар боюнча алардын чек арадагы жер тилкеси такталды. Ошондуктан алар картанын негизинде жер тилкесине казык кагып, жерди мыйзамдаштырып жүргөн.
- Биз жер тилкеси аларга тиешелүү экенин тастыктаган документ кайсы жылга тиешелүү экенин билгибиз келет.
- Мамлекеттик деңгээлде комиссия болот. Ал чет мамлекеттин комиссиясынын негизинде чек ара тилкелери такталат. Ал нерсе биздин райондук администрациянын компетенциясына кирген эмес. Ошондуктан аны биз туура эмес айтып алып, жөн эле элдин башын айлантып алуубуз толук мүмкүн. Кайсы жылы такталганы тууралуу конкреттүү маалымат жок, бирок илгертен бери ал жер Өзбекстандын жери болгон.
- Жогоруда быйыл чек араны тактоо учурунда дыйкандарыбыз Өзбекстанга тиешелүү жер тилкелерине эгин эгип алганы тууралуу айттыңыз. Бул кайсы учурда такталды жана ушундай эле өзбек тараптын биз тарапка эгин эгип алган учурлары барбы же бизде эле ушундай бекен?
- Бул тууралуу билбейт экенмин, бирок бизде мындай учурлар чынында бар. Бизде чек араны тактоо боюнча жыйын чогулуштар байма-бай эле өтүп келүүдө. Быйыл Өзбекстан өз аймактарына зым тартуу ниети бар экенин билдирип, дыйкандарга эгин экпегиле деп эскертишкен болчу. Бирок ал жерде бир да адам документи жок эле бош жерлерге эгин эгип, тирилик кылып келишкен. Аныгында бул туура эмес, баарыбыз мыйзамды сакташыбыз керек. Мыйзамдын негизинде кимге айыл өкмөт тарабынан жерди айдап, эгин эгүүгө укук берилсе, анда эксе болот. Анткени жергиликтүү бийлик жер тилкеси кимге тиешлүү экенин анык билет жана тастыктама бере алат.
Урматтуу окурман, район акими Омошев жердин Өзбекстанга караштуу экенин тастыктаган документтин кайсы жылга тиешелүү экенине так жооп бере алган жок. Ал бул суроого жооп берүү район администрациясынын компетенциясында эмес дейт. Мындан улам SUPER.KG порталы тийиштүү органдардан жооп алып, бул темага дагы кайрылмакчы.
Сузактагы 150 гектар жер Өзбекстанга өтүп кеттиби?



Балыксыз калаар колунор
Жегени таза жерилээр
Жеринди четтен кемиреер.
Деп Калыгул Олуя 1800 жылы билгендей айткан экен
башка соз жок
Азыр канча болуп калды экен ар тарабынан сатып отуруп
Мурда Акаев же Бакиев күнөөлүү болчу эле келишимге кол койгон