Канттагы 3 унаанын катышуусунда жол кырсыгы. Окуянын чоо-жайы айтылды
Кечээ, 1-июнда Ысык-Ата районуна караштуу Кант шаарында төрт унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталганын SUPER.KG порталына окуянын күбөсү билдирген.
Бул фактыны Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы тастыктап, жол кырсыгы 3 унаанын катышуусунда болгонун билдирди.
"Кырсык саат 17:00дөр чамасында болгон. Анда Honda Odyssey, ВАЗ-2107 жана Hyundai унаалары сүзүшкөн. Натыйжада эки киши жабыркап, ооруканага жеткирилген. Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда", - деп билдиришет басма сөз кызматынан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
-1
-1
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















