Аскат Мусабеков сүйүктүүсүнө баш кошту. Ырчынын өмүрлүк жары чыгармачыл адам экени белгилүү болду
Миргүл Асаналиева
Ырчы жана аткаруучу Аскат Мусабеков бүгүн, 25-июнда сүйүктүүсүнө баш кошту. Ырчынын өмүрлүк жары жаш ырчы Миргүл Асаналиева. Учурда Аскат Мусабеков сүйүктүүсүн ата-энесинин үйүнөн алып кетүү үчүн барганын күйөө жолдоштун милдетин аркалап жүргөн ырчы, тамада, алып баруучу Алтынбек Кыдыралиев билдирди.
"Карантиндин бардык талаптарын аткаруу менен кызды ата-энесинин үйүнөн алып кетүү үчүн Ат-Башы районунун Кара-Булуң айылына келдик. Кудалардын сыйын көрүп жатабыз. Эки жаштын өкүл атасы Сыймык Бейшекеев болду. Буюрса, кызды Аскаттын айылы Ак-Моюнга алып кетебиз", - деди ал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:00
2025-11-21
8:37
2025-11-20
13:32
2025-11-17
Рейтинг:
2
2

Супер-Инфо
super.kg видео

















Сыймык Бейшекеев мыкты адам.Окул аталыкка татыктуу.