ЖАМК түрмөдө кургак учук менен ооругандарды башка имаратка которот
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы түрмөдө кургак учук менен ооругандарды №31-түзөтүү колониясынын жаңы корпусуна которууну көздөп жатат. Муну парламенттин 12-сентябрдагы жыйынында ЖАМКнын башчысы Зарылбек Рысалиев айтты. Ал билдиргендей аталган илдет менен ооругандардын саны өсүүдө. "№31-түзөтүү колониясынын аймагына 3 жаңы имарат курулду. Бири-бири менен байланышта болбосун деп ооругандарды ошол жакка которууну пландап жатабыз. Ал жерде күзөтчүлөр иштейт",- деди Рысалиев.
Автор: Автандил Добулбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:54
2025-11-18
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















