super.kg logo

Бишкек шаарынын Арча-Бешик жаңы конушунда Гепарин дарысын кымбат баада сатып жаткан жарандар кармалды

 

Бишкек шаарынын Арча-Бешик жаңы конушунда Гепарин жана башка дарыларды кымбат баада сатып жаткан жарандар аныкталды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына шаар тургундары кайрылышып, интернетте белгисиз жарандар Гепарин дарысын кымбат баада сатыкка коюп жатышкандыгы тууралуу арызданышкан.

"Келип түшкөн арыздын негизинде, Бишкек шаарынын Арча-Бешик конушундагы үйлөрдүн биринен 100 пакет "Гепарин" препаратын 70 миң сомго (1 пакеттин наркы 700 сом) сатып жаткан жеринен жергиликтүү жашоочу кармалды. Мындан тышкары, анын үйүн тинтүү учурунда аталган дары-дармектердин дагы чоң партиясы табылган. Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш иши башталды жана дарынын келип чыгышын (алардын Кыргыз өлкөсүнө кандай жол менен жеткирилгендиги, белгиленген сапатка ылайык келеби же жокпу) териштирилип жатат", - деп билдиришти мекемеден.






Арча-Бешикте Гепарин дарысын кымбат баада сатып жаткандар аныкталды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: