Владимир Путин ШКУ 10 жылдын ичинде ири жыйынтыктарга жетишкенин айтты
Шанхай кызматташтык уюму 10 жылдын ичинде олуттуу жыйынтыктарга жетишти. Муну бүгүн, 13-сентябрда Бишкекте өткөн ШКУнун саммитинде Орусиянын президенти Владимир Путин билдирди. "Жакында Санкт-Петербурга G20 саммити болуп өттү. Анда дүйнөлүк экономикалык өсүштү күчөтүү, бир катар социалдык долбоорлорду каржылоо сыяктуу маанилүү маселелер талкууланды",- деди Путин. Өз учурунда Путин бул иштер ШКУга мүчө өлкөлөрдү кайдыгер калтырбай турганын басе белгиледи.
Автор: Автандил Добулбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:54
2025-11-18
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















