"Көптөгөн адамдар жаракат алды". Ливанда катуу жарылуу катталды
Ливандын борбору Бейрут шаарындагы Порт аймагында катуу жарылуу болду. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, жарылуу катталган аймакка жакын жайгашкан үйлөрдүн, ошондой эле жарылуу очогунан бир нече чакырым алыстыкта жайгашкан имараттардын терезелери талкаланган. Жарылуудан көптөгөн адамдар жаракат алды жана азырынча так саны белгисиз.
"Портко жакыныраак бир нече үйлөр талкаланган. Биздин маалымат боюнча, урандылардын астында адамдар болушу мүмкүн", - деп билдиришкен жергиликтүү журналисттер.
Учурда шаардагы "Тез жардам" кызматы күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат.
Ливандын маалымат каражаттарынын айтымында, жарылууга жарылуучу заттар сакталган кампалардын биринде чыккан өрт себеп болушу мүмкүн.
Ливандагы жарылуу
Ливандагы жарылуу
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:07
2025-07-03

Рейтинг:
2

Комментарийлер(1)
jazmina909090

04.08.2020. 22:56
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Аллахым жаман апаааттардан сактасын качан тынччылык болот оору да кеьпей туруп алды го
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.