Замир Жоошев: "Бишкектин СИЗОлоруна жактоочуларды киргизбей жатышат" (видео)
Жактоочулар СИЗОдогу өздөрү коргоп жаткан айыпталуучуларга кирип, жолуга албай жатышат. Бул тууралуу жактоочу Замир Жоошев SUPER.KG порталына билдирди. Айтымында, жактоочуларда коронавирус пандемиясына байланыштуу талап кылынган документ бар экенине карабай, алар жактап жаткан адамдарына жолуга албай жатышат.
"Биз коргоп жаткан адамдарга кирип, сүйлөшүп турушубуз керек. Буга чейин иш боюнча алардын оюн билип, өз ара талкуулашып турчубуз. Негизи эл аралык жана жергиликтүү мыйзамдарда айыпталуучунун жактоочу менен жолугууга болгон укугу жөнүндө жазылган. Мыйзамда буга эч кандай каршылык жок. Бирок бүгүнкү күндө СИЗОго ПЦР-анализ болгонуна карабай, кире албай жатабыз. Анын себеби бизге түшүнүксүз болууда.
Алар ЖАМКтын буйругуна шилтеме айтып жатышат. Биз маселе боюнча буга чейин эле Башкы прокуратурага кайрылганбыз. Алар кайрылуубузду карап, абалды мыйзамдуу деп койгон. Бирок ага карабай, кайра кайрылууга туура келди. Себеби соттор жүрүп жатат, ал эми биз жактап жаткан адамдарыбызга кире албай жатабыз. Кылмыш ишин кароо процедурасы талаш-тартыш шартта жүргүзүлүшү керек. Бирок бүгүнкү күндө бизде талаша турган мүмкүнчүлүк жок", - деди Жоошев.
Жактоочулар СИЗОго кире албай жатышат

