Ноокенде мечиттин имамы байбичесинин жылдыгына сарпталчу 15 миң сомду ооруканага тапшырды
Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен районунун Тоскоол айылында жайгашкан "Тоскоол ата" мечитинин имамы Курманбек Акматалиев жергиликтүү эл үлгү алчу ишти өзү баштап берди. Ал каза болгон байбичесинин жылдыгын өткөрүүгө сарпталчу 15 миң сомду ооруканага берди. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти."Элдин саламатчылыгы үчүн күн-түн дебей өмүрүңөрдү тобокелге салып кызмат кылып жатасыздар. Мен дагы ооругандарга жардам берүүнү максат кылып, байбичемдин жылдыгына чыгымдоочу каражатты сиздерге тапшырууну туура көрдүм. Себеби сооп табуунун түрлөрү аябай эле көп чынында. Бирок биз тамак-аш тартуулоону гана адатка айландырып алганбыз", - деген имам.
Былтыр ушул маалда анын байбичеси дүйнө салган эле. Анын жылдыгына эл чакырып, дасторкон жайып чакыруунун ордуна Ноокен райондук ооруканасына 10 миң сом жана айылдык ФАПка 5 миң сом акчалай түрүндө жардам берип, буга кеткен соопту байбичесине багыштады.
13.08.2020. Күн ичиндеги орун алган урунттуу окуялар
Автор: Жылдыз Джускембаева
Оператор: Айбек Алимов
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:07
2025-11-21
19:43
2025-11-21
Рейтинг:
2
2
Комментарийлер(2)
Tolkun555
13.08.2020. 13:18
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эн жакшы
Shef87
13.08.2020. 21:14
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Башкалар да үлгү алса болот экен отуруп алып эле жей бербей сооптун жакшы түрү экен кара курсак канча жесе да ыраазы болбойт
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















