super.kg logo

"Менин башкы максатым кандай болбосун баланы сактап калуу болчу" дейт Орусияда пранкка туш болгон Азамат Нуржанов

 

Орусиялык блогер Михаил Литвин өзүнүн Инстаграмдагы баракчасына Кыргыз мигрантынын катышуусундагы пранкты жүктөдү.

Аталган пранкта ал көчөдөн өтүп бара жаткан адамдардан баласын карап турууну суранган. Мындай сунушту азыркы тапта Орусияда эмгектенип жүргөн Азамат Нуржанов четке каккан эмес. Бирок даярдалган сценарий боюнча белгисиз адамдар келип жаш баланы уурдаганга аракет кылышкан. Бул учурда видеодо көрүнүп тургандай мекендешибиз жаш баланы сактап калууга бүт аракетин жумшап, өзүнөн чоң эки кишини кармап калганга жетишкен.

Муну менен тим болбостон бирөөнү башка тээп жибергенге да үлгүргөн. Аталган видеону блогер өзүнүн баракчасына жайгаштырган соң аз убакыт ичинде көптөгөн "жакты" белгисин алган. Колдонуучулар Азамат Нуржановдун баланы сактап калууга кылган аракетин баалап, ага ыраазычылык билдиришкен.

Азамат Нуржанов Кыргыз өлкөсүнүн жеңил атлетика боюнча курама командасынын мурдагы мүчөсү, азыркы тапта Москва шаарында эмгектенет.

Мекендешибиз менен азын-оолак маектештик.

- Пранк кайсы учурда тартылган жана ал учурда кандай сезимдер болду?

- Пранктын тартылганына 1 айдан ашык убакыт өттү. Ал учурда мен пранк экенин билген эмесмин. Баламды карап тур дегенинен карап тургам. Белгисиз адамдар келип аны унаага салып кетүүгө аракет кылып баштаганда автоматтык түрдө ал экөөнү кармап алдым. Ошол кездеги эң биринчи оюм унаага баланы салдырбоо болду. Мындан улам унаанын эшигин жапканга аракет кылдым. Ал кезде мен өзүмдүн эмес, мага табышталып кеткен баланын коопсуздугун ойлодум. Менин максатым кандай учур болбосун балага эч зыян келтирбей алып калуу болду. Көп өтпөй мага ал пранк экенин айтышты. Мен буга чейин ал блогерди таанычу эмесмин, ошондон кийин гана тааныштым. Видеонун алдындагы жакшы ой-пикирлерди окуп ыраазы болдум. Тааныган да, тааныбаган да адамдар видеону жөнөтүп, өзүнүн жакшы ой-тилектерин айтып жатышат. Мен чоң деле иш кылган жокмун, менин ордумда ар бир эле эркек ошондой кадамдарга барса керек деп ойлойм.

- Орусияда эмгектенгениңизге канча болду? Спорттук карьераңыз кандай болуп жатат?

- Бул жакка февраль айында келгем, өзүм жеңил атлетика менен машыгам. Жашоо-турмушка байланыштуу чет жерде эмгектенүүгө туура келди. Бирок спортту таштаган жокмун. Мүмкүнчүлүк болсо эле, бош убактымды машыгууларга арнайм. Азыркы тапта да Москва шаарында өтө турчу марафонго даярданып жаткан учурум.

- Рахмат, ийгилик каалайбыз!






Мигрант жаш баланы сактап калды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 8 
Комментарийлер(11)
08.09.2020. 17:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Алга, Кыргыз, алга!!!
08.09.2020. 17:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Азаматсыз!)
08.09.2020. 19:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Красавчик, Кыргыздар ар дайым жакшы жагыбыз менен белгилүү болуп жүрө берейли.
08.09.2020. 20:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Чыныгы эркек экен .Кыргыз жигити экен эн башкысы .
08.09.2020. 22:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Азаматсын кыргыз жигиттери эч жерден эч кимден тайманбаган жигиттер да
09.09.2020. 02:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Азамат,чапчаң,чыйрак жигит экен.
09.09.2020. 03:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Оо биздин кыргыз жигиттерде дух вагон да...кайра-кайра коруп атам сыймыктанып)))
Азаматсын,кантсе да Манастын урпактарыбыз!!!
09.09.2020. 09:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Nur777,Туп туура Манас атанын урпактары ушундай эр журок болушу керек. Башкача болушу мумкун дагы эмес. Эр жигит
09.09.2020. 07:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Красавчик
09.09.2020. 11:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Браво! Молодец!
10.09.2020. 16:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азамат азаматсың))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: