Ат-Башыда айдоочу рулду башкара албай, унаа жолдон чыгып оодарылып кетти
Ат-Башыда айдоочу рулду башкара албай, унаа жолдон чыгып оодарылып кетти. Бул тууралуу бүгүн, 29-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Ат-Башы районунда 28-сентябрь күнү саат 15:33тө Ача-Кайыңды жана Баш-Кайыңды айылдарынын ортосунда БМВ-525 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай, унаа жолдон чыгып оодарылып кеткен.
Окуя болгон жерге куткаруучулар тартылып, унаада кыпчылып калган айдоочуну (1985-жылы туулган) чыгарып, "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришкен", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















