super.kg logo

Казакстанда жылкылар белгисиз вирустан улам өлүп жатат

 

Казакстандын түштүк аймагында жылкылар белгисиз вирустан улам өлүп жатат. Бул тууралуу маалымат казак телеканалдарынын биринде көрсөтүлдү.

"Казакстандын Кызыл-Ордо облусунда миңге чукул жылкы белгисиз илдеттен улам кырылып калды. Алсак, Байкенже айылында кыска убакыт аралыгында эле 200 жылкы өлгөн. Жергиликтүү тургундар алардын малы эмнеден улам өлүп жатканын түшүнбөй жатышканын айтышат. Жылкылардын сырдуу өлүмү август айында эле башталган. Жылкылар 10 күндөй ооруп, чөп жакшы жебей, арыктап өлүп калып жатканы маалым. Бирок Казакстандын ветеринардык инспекциясы бул сырдуу деле оору эмес экенин, жылкылар гастрофилез деген илдеттен улам кырылып жатканын айтышат. Ветеринарлар жай ысык болуп, жаан-чачын аз болгондуктан жылкылар жайытта жүргөндө аталган ооруну козгой турган личинкалар алардын ичине кирип кеткенин айтышкан. Ветеринарлар жылкы кармагандар малын таза кармап, курттарды кетириш керек болгондугун белгилешкен", - деп айтылат маалыматта.

Маалым болгондой, учурда облус жетекчилиги комиссия түзүп, жашоочуларга өлгөн мал үчүн компенсация төлөө маселесин карап жатат.






Казакстанда жылкылар белгисиз вирустан улам өлүп жатат

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
01.10.2020. 18:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тоокторго айранга ачуу калемпирди кошуп бериш керек ошондо жукпайт, жебесе нанды кошо туурап берсе эле жеп салат! Дайыма чума башталганда эле биз 100 гө жакын тоокту ошентип алып калчуубуз, кошуналардыкы кырылып калчу эле!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: