Нуржигит Кадырбеков маданият, маалымат жана туризм министри болуп дайындалды
Нуржигит Кадырбеков маданият, маалымат жана туризм министри болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.Билдирүүгө ылайык, "Ыйман Нуру" саясий партиясынын лидери Нуржигит Кадырбеков маданият, маалымат жана туризм министри болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Садыр Жапаров кол койду.
Нуржигит Кадырбеков 1977-жылы 31-мартта Ош облусунун Кара-Кулжа районунда төрөлгөн.
Кара-Кулжа районундагы 1-Май айылында Алмаз Субанов атындагы мектепти аяктаган.
АКШдагы Канзас университетинин журналистика жана масскоммуникация факультетин аяктаган. Андан кийин Япониядан эл аралык байланыш жана мамлекеттик башкаруу боюнча магистратурадан окуган.
1999-2005-жылдары Ош мамлекеттик университети, юридика факультети менен журналистика бөлүмүнө сүйлөө маданияты боюнча сабак берген;
2001-2002-жылдары Юстиция министрлигинин Ош облусундагы башкармалыгында жетектөөчү адис;
2002-2003-жылдары Ош мамлекеттик университетинде юрист;
2004-2005-жылдары Ош мамлекеттик университетинде ректордун укук маселелери жана коомчулук менен байланышуу боюнча кеңешчиси;
2005-2008-жылдары Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматында биринчи категориядагы адис;
2005-2005-жыладры Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынын жетекчиси;
2005-2007-жылдары тышкы иштер министринин маалымат катчысы;
2009-2010-жылдары президенттин катчылыгында эксперт-аналитика менен камсыздоо кызматынын коммуникация тобунун эксперти;
2010-2010-жылдары президенттин катчылыгында маалымат кызматынын маалыматтык колдоо тобунун эксперти;
2011-2011-жылдары Кыргыз өлкөсүнүн ишкерлер кеңешинин директорунун милдетин аткаруучу;
2012-2013-жылдары Тышкы иштер министрлигинин маалымат, басма сөз жана маданият башкармалыгынын жетекчиси;
2013-2015-жылдары президенттин аппаратынын этникалык дин саясаты жана жарандык коом менен иштешүү бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары;
2015-2019-жылдары "Ыйман" диний маданиятты өнүктүрүү коомдук фондусунун башкаруучулугунун төрагасы;
2019-жылдын 12-мартынан тарта маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары.
Үй-бүлөлүү.
12
1 |

Супер-Инфо
super.kg видео















