Аламүдүн районундагы турак үйдөн чыккан өрт чектөөгө алынды
Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Алма-Ата көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн чыккан өрт саат 17:38де чектөөгө алынды. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашты.Белгилүү болгондой, 21-октябрь күнү Аламүдүн районундагы Алма-Ата көчөсүндө жайгашкан №539 турак үйдөн өрт чыккан. Өрттү өчүрүүгө саат 16:31де жалпы 3 бөлүм, мындан сырткары саат 16:49да штаб жана 1 бригада тартылган. Учурда өрттү толук өчүрүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Жабыркагандар жок.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















