super.kg logo

Атамбаев менен жактоочусунун абактагы жолугушуусу боюнча жашыруун камерага тартылып алынган видеосу Жээнбековдун кабинетинен табылганы айтылууда

 

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен жактоочусу Сергей Слесарев менен абактагы жолугушуусу жашыруун камерага тартылып алынган - деген видео жарыяланды. Бул тууралуу Атамбаевдин дагы бир жактоочусу Замир Жоошев социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

"Бир ай мурун бир адам менин Facebook баракчама жазган, тилекке каршы, мен ага жакында гана жооп бере алдым. Жаран 5-октябрдан 6-октябрга караган түнкү окуялардын учурунда президенттин Ак Үйдөгү иш бөлмөсүнө кирип, ал жерден "АША - Слесарев - 42 мүнөт" деген жазуусу бар диск таап алгандыгын айткан. Эки күн мурун ал дискти мага өзүнүн коопсуздугунан коркконунан улам ким экендиги жашыруун калуу шарты менен берген. Өткөрүлүп берилген дискте экс-президент Алмазбек Атамбаевдин адвокаты Сергей Слесарев менен УКМКнын СИЗОсунда болгон жолугушуусун чагылдырган видео жазуу бар. Видеонун узактыгы 42 мүнөттөн ашат. Жолугушуунун жүрүшүндө Алмазбек Шаршеновичтин оорусу (пневмония), анын козголгон кылмыш иштери жана адвокаттардын иштерди тергөөгө жана сот өндүрүшүнө байланыштуу мындан аркы аракеттери талкууланды. Андан кийин Атамбаев үй-бүлөсүнө кат жазып, жактоочусу өлкөдөгү акыркы жаңылыктарды айтып берет. Эртең Башкы прокуратурага арыз беребиз. Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш ишин козгоону талап кылабыз", - деп жазды Жоошев.






Атамбаев менен жактоочусунун абактагы жолугушуусу жашыруун камерага тартылып алынган

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
17.11.2020. 19:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Бироо саясий куугунтук болбойт деди эле, созуно качан турат болду экен?
17.11.2020. 23:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Булардын жомогу бутчудой эмеско эми Сооранбайдын жомоктору башталат ошентип кете берет окшойт
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: