Супер фактылар: Дүйнөдөгү эң эски мейманкана Японияда жайгашкан. Ал 705-жылдан бери иштетилип келген
Дүйнө жүзүндөгү эң эски "Nishiyama Onsen Keiunkan" мейманканасы биздин замандын 705-жылынан бери иштеп келет. Ал Япониянын Яманаси префектурасында Хаякава кыштагында жайгашкан. Аталган мейманкана 2011-жылы "Гиннесстин рекорддор китебине" дүйнөдөгү эң эски мейманкана катары кирген.

Дагы бир кызыктуу факты мейманкананы 1300 жылдан бери бир үй-бүлөнүн 52 мууну башкарып келген. Ал 1997-жылы бир жолу гана оңдоп-түзөөдөн өткөн. Мейманканада 37 бөлмө бар.

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:47
2025-11-21
16:02
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















