"Ачуу үстүндө уят сөздөрдү айтып, сөгүнгөнүм үчүн кечирим сурайм". Куудул Тынар Курбаналиев элге кайрылуу жасады
Мындан 2-3 күн мурда социалдык тармакка куудул Тынар Курбаналиевдин аудиосу деген билдирүү тараган. Анда куудул мал-жандыктарды сыртка экспорттоого тыюу салынган чечимге нааразы болуп, уят сөздөр менен сөгүнгөнү жазылган.Бир топ талкуулардан кийин Тынар Курбаналиев жалпы элден кечирим сурап, буларга токтолду.
"Урматтуу Кыргыз элим, WhatsApp`тагы тобубузга жазылган сөздөр коомчулукка тарап талкуу жаратты. Тагыраагы, эркектер арасында талаш-тартыштан улам эмоцияга алдырып, сөгүнүп алган сөздөр камтылган менин аудио билдирүүм тараган эле.
Элибизде "жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбойт" дешет. Ачуу үстүндө уят сөздөрдү айтып, сөгүнүп алганым, кетирген кемчилигим үчүн жалпы элимден башымды ийип кечирим сурайм.
Мага коркутуу, үркүтүү болгон жок. Өзүм ошол аудиону угуп, агаларыбыздын, аксакалдардын кеп-кеңештерине кулак салып видеокайрылуу жасайын дедим. Ал аудио көңүлүңүздөрдү ирээнжиткен болсо баарыңыздардан кечирим сурайм", - деди ал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:00
2025-11-21
8:37
2025-11-20
13:32
2025-11-17
Рейтинг:
0
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















Эркектер отуруп озлорунчо бир нерселерди талкуулашкан ошону интернетке жайган киши туура эмес кылган душманды алыстан издебе деп ошого айтылган окшойт