Депутат Акылбек Жапаров аскер кызматкерлеринен кечирим сурады (видео)
Социалдык тармактарга депутат Акылбек Жапорвдун аскер кызматкерлеринен кечирим сураган видео кайрылуусу тарады.
Маалыматтарга караганда, кечээ, 9-декабрда аскер кызматкерлери тегерек стол өткөрүп ага Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров да катышкан. Анын жыйынга катышуусуна буга чейин аскер адамдарынын пенсиясы тууралуу билдирген пикири себеп болгону айтылат.
Видеодо Жапаров: "Урматтуу кыргызстандыктар, күн сайын Жараткандын алдында буга чейин билип-билбей кылган жумуштарыбыз үчүн кечирим сурайбыз. Бүгүн мен куралдуу күчтөрдүн, укук коргоо органдарынын ардагерлиринин өкүлдөрү, алардын жетекчилери менен жолугуп кечирим сурадым. Эгерде пенсиялык, социалдык фонддун келерки жылкы бюджетин айтып жаткандагы ойлорум жөнүндө туура эмес сүйлөп алсам же болбосо туура эмес оюмду түшүндүрүп алганымды ал жерде тактап айтып бердим...", - деген жеринен видео токтоп калганын көрүүгө болот.
Эске салсак, 4-декабрда Акылбек Жапаров "катардагы лейтенант 12 миң сом менен пенсияга чыкса, 35 жыл иштеген мугалим 4 миң 900 сом пенсия алат экен" деп парламенттик угууда билдирген.
Депутат Акылбек Жапаров аскер кызматкерлеринен кечирим сурады





1 |