Токмок шаарынын тургунунан курал-жарак алынды
Токмок шаарынын тургунунан мыйзамсыз сакталып жүргөн куралдар алынды. Бул тууралуу 1-октябрда Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди. Токмок шаарынын жашоочусунун үйүн тинтүү учурунда, жер төлөсүнөн Макаров үлгүсүндөгү тапанча 13 огу менен, аңчылык үчүн колдонулуучу Иж-12 куралы, узундугу 42 сантиметр болгон бычак жана бир нече куралдардын огу табылды. Учурда табылган курал-жарактар алынып, тергөө амалдары жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















