Быйыл кышында себепсиз жарык өчүрүлбөйт
Быйыл кышында электр энергиясын үнөмдөө үчүн жарыкты атайын өчүрүүлөр болбойт. Муну бүгүн, 2-октябрда маалымат жыйында энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев билдирди. Бирок авариялык өчүрүүлөр болушу мүмкүн. “Жарыктын өчүшүнө көбүнчө электр чубалгыларынын, жабдуулардын начар абалы себеп болот. Учурда оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатканы менен энергетикалык тутумдагы каржынын жетишсиздигине байланыштуу бул көйгөй толук чечиле элек. Анткени өлкөдөгү электр станцияларынын техникалык абалы начар", - дейт Артыкбаев.
Автор: Жылдыз Жускембаева
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:54
2025-11-18
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















