Бишкекте 3 жылдан бери издөөдө жүргөн диний экстремисттик уюмдун мүчөсү кармалды
Бишкекте "Хизбут-Тахрир аль-Ислами" диний экстремисттик уюмунун 32 жаштагы мүчөсү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 23-декабрда ИИМдин маалымат кызматы тарабынан белгилүү болду.Алынган маалыматка ылайык, 22-декабрда ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери Бишкек шаарынын Ленин РИИБинин тергөө кызматы менен биргеликте 2017-жылдан бери издөөдө жүргөн диний экстремисттик уюмдун 32 жаштагы Т.Ж. аттуу мүчөсүн кармашты.
"Кармалган жаран Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда 315-берененин 1-бөлүмү (Экстремисттик материалдарды даярдоо, жайылтуу) боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат", - дешти мекемеден.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















