Акыйкатчы шайлоонун 2-турунда 97 бюллетень таратылып, урнадан 101 бюллетень чыкты
Жогорку Кеңеште акыйкатчы шайлоонун 2-турунда эреже бузуу болгону аныкталды. Эсептөө комиссиясынын төрагасы Бактыгул Маматовдун айтымында, шайлоо алдында депутаттарга 97 бюллетень таратылып, урнаны ачканда 101 бюллетень чыкты. Учурда депутаттар талашып-тартышууда. Комиссия 2-турду кайрадан өткөрүүнү сунуштоодо. Ал эми ата журтчу депутат Ахматбек Келдибеков "шайлоону башынан баштоо керек" деген пикирин билдирди.
Автор: Автандил Добулбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:54
2025-11-18
Рейтинг:
1
1
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















