Ошто эки унаа сүзүшүп, 3 адам жабыркады
Кечээ, 11-январь күнү Ош шаарында эки унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 11-январда саат 12:18де Бекмамат Осмонов көчөсүндө Хундай Портер жана Дэу Тико унаалары сүзүшкөн.
"Кырсыктын кесепетинен 3 адам жабыркаган, алар 60 жаштагы эркек киши жана 36 жаштагы эки аял болгон. ӨКМнын Ош шаары боюнча башкармалыгынын куткаруучулары жабыркаган адамдарды унаадан чыгарып, "Тез жардам" кызматкерлерине өткөрүп беришти", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















