Өзгөндө жеке клиникадан өрт чыгып, 74 жаштагы жаран 2-даражадагы күйүк алды
Ош облусунун Өзгөн районунда менчик клиникадан өрт чыгып, 1 адам күйүк алды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, өрт 12-январда чыккан.Өрттү өчүрүүгө саат 18:09да 1 бөлүм, саат 18:25те 1 бөлүм, саат 18:43тө кошумча 1 бөлүм тартылган. Клиниканын имаратынан чыккан өрт саат 19:02де чектөөгө алынып, саат 21:42де толук өчүрүлгөн.
"Өрттүн кесепетинен 1946-жылы туулган М.М. аттуу эркек киши 2-даражадагы күйүк алып ооруканага жаткырылды. Бейтаптын абалы туруктуу. Мындан сырткары өрт чыккан жерден 13 адам эвакуацияланды", - дешти мекемеден.
Өрттүн кесепетинен имараттын 150 чарчы метр чатыры жана 151 чарчы метр ички жасалгасы күйгөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















