Баткенде шахтадагы жарылуудан бир адамды топурак басып каза болду
Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында шахта жарылып, бир киши каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашып, окуя бүгүн, 15-январда болгонун билдиришти."Кызыл-Кыя шаарындагы 5-карьер тилкесинде жайгашкан шахтада белгисиз себептерден улам жарылуу болуп, кырсыктан 1976-жылы туулган эркек кишини топурак басып калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине саат 11:45те мобилдештирилген тоо-кен куткаруу взводунан 9 куткаруучу тартылды. Кошумча маалымат берилет", - дешти мекемеден.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















