Маданият министри ырчылар Курал Чокоев жана Кайрат Примбердиев менен жолукту
Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков эстрада ырчысы Курал Чокоев, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Кайрат Примбердиев менен жолугушуп, баарлашты. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.Маалыматка ылайык, жолугушуу жылуу маанайда өтүп, жаңы муун арасынан мыкты таланттарды таап, эл аралык деңгээлге алып чыгуу менен, кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытуу багытындагы долбоорлорду ишке ашыруу идеялары талкууланды.
Ошондой эле министр менен эстрада ырчылары фонограмма көйгөйүн чечүү, массалык маданиятка жарандардын кызыгуусун арттыруу боюнча да пикир алмашышып, артка кылчактабай, элибиз үчүн мыкты, пайдалуу демилгелерди биргеликте аткаруу боюнча сүйлөшүү жүрдү.
Белгилей кетсек, буга чейин ырчы Курал Чокоевдин долбоору коомчулукта кызуу талкууга алынып, чуу жараткан.

Бишкекте коомдук транспорттун айрым айдоочулары иш таштады
Автор: Айсалкын Качкынбекова
Оператор: Равшан Тойчиев
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:00
2025-11-21
8:37
2025-11-20
13:32
2025-11-17
Рейтинг:
0
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















Негизи молдо чалыштар кызматка келип алып маданият тармагына өзүнүн дааватын айтып, кыйын боло бербеши керек. Негизи ашкере исламдашкан диндешкен олкодо маданият жапайы катары кабыл алынат. Ошондуктан чала молдолор маданият, искуство тармагына тумшугунарды тыга бербегиле.