Чуңкурчак эс алуу жайына бара жаткан жолдо жеңил унаа жолдон чыгып кетти. Кырсыктын кесепетинен 6 адам жаракат алды
Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Чуңкурчак эс алуу жайына бара жаткан жолдо жеңил унаа жолдон чыгып кетип, 6 адам жаракат алды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Чуңкурчак эс алуу жайына баруучу жолунда Хонда Одиссей унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып кеткен. Натыйжада 6 адам ар кандай жаракат алышкан.
Куткаруучулар жабыркагандарга биринчи медициналык жардам көрсөтүп, "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришкен. Жерине 4 куткаруучу тартылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















