Бишкекте таксистти алдап кеткен жаран кармалды
Бишкекте акча каражатын жана уюлдук телефон уурдоого шектелген жаран кармалды. Патрулдук милициянын басма сөз кызматынан билдиришкендей, шектүү жогорудагы каражаттарды токтоп турган унаадан алган.Маалым болгондой, 5-февралда саат 6:25 чамасында милиция бөлүмүнө билдирүү келип түшкөн. Анда Кызыл-Аскер районунда токтоп турган унаанын ичиндеги 1 жарым миң сом акча жана уюлдук телефон уурдалганы айтылган.
"Жерине милиция кызматкерлери барганда арыздануучу таксист экени белгилүү болду. Ал кардарынан суу алып алуу өтүнүчү менен дүкөндүн жанына токтогон. Таксист дүкөнгө кирип суу алып чыкканча кардар акча жана уюлдук телефонду алып, изин жашырып кеткен.
Ыкчам тергөө иштеринин алкагында шектүү делинип М.М. аттуу жаран кармалды. Учурда сотко чейинки тергөө иштери жүргүзүлүп жатат", - деп айтылат билдирүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(1)
Kuban-1207
06.02.2021. 14:28
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
М.М дебей толук атын жазбайсынарбы же кайнатабы
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















