super.kg logo

Социалдык тармактардагы оппозициялык баракчаларды сырттан ким каржылайт?

 

"Вечерний Бишкек" басылмасынын сайтына "Социалдык тармактардагы оппозициялык баракчаларды сырттан ким каржылайт?" деген материал жарыяланды.

Анда жазылгандай, Кыргыз өлкөсүндө коррупцияга каршы деген митингдерди уюштурган оппозициялык күчтөр социалдык тармактарды абдан активдүү колдонушат. Алар жарыялаган материалдар коомчулук арасында абдан бат тарайт. Өлкөдөгү IT адисинин айтымында, мындай максаттар үчүн социалдык тармактардын акы төлөнүүчү реклама кызматы кеңири колдонулат.

Азыркы учурда мындай маалыматтык иш-чаралар бир топ акча каражатын сарптоону талап кылат. Андыктан Фейсбуктагы мындай баракчаларды кимдер башкарып, кимдер каржылап жаткандыгын карап көрөлү.

Мисал катары "Али Токтакунов коррупциянын душманы" аттуу баракчаны алалы. Аны Кыргыз өлкөсүнөн 2, Түркиядан 1 адам башкарат. Кызыгы, 14-февралда өткөн коррупцияга каршы митингге чакырган рекламалык пост дагы деле каржыланып келе жатат. Буга байланыштуу суроо туулат: акча кайдан келди жана Түркиядан ким колдоо көрсөтүп жатат?

Фейсбуктагы "Кыргыз Азаттык үналгысы" баракчасын Чехиядан 12, Кыргыз өлкөсүнөн 5, АКШдан 1 адам башкарганы, басылма сырттан көзөмөлдөнүп тургандыгын далилдейт. Мындан сырткары бул баракчалардын каржылык булактары көрсөтүлгөн эмес.

"Клооп" баракчасын Кыргыз мамлекетинен 30, Казакстан, Орусия жана Нидерланды өлкөлөрүнөн бирден адам башкарат.

"Настоящее время. Азия" баракчасы Чехиядан 27, Украинадан, Молдовадан жана Орусиядан 2, Сербиядан 1 адамдын көзөмөлүндө.

"Үмүт 2020" кыймылынын баракчасын Кыргыз өлкөсүнөн 1, АКШдан 1 адам башкарат.

"BespredelKG" баракчасы кыргыз жеринен 1, Даниядан 2 адамдын кол алдында.

Ал эми "Апрель" телеканалы фейсбуктагы аталышын 6 жолу алмаштырган. Мындан сырткары "Апрель" "5-каналдын" жана ушул эле каналдын "Күн Деми" программасынын баракчаларын өзүнө кошуп алган. Баракчаны кыргыз жеринен 14 адам башкарат.

Жыйынтыгында, 2020-жылдын август айынан бери жарнамалык макалаларга өлкө боюнча расмий түрдө 80 миң 850 АКШ доллары же 6 миллион 872 миң 250 сом коротулган.

Мындан улам сырткы кийлигишүүлөр, батыштын финансылык каржылоосу тууралуу айтылып жаткан кептер жөн жерден эмес экен деген бүтүмгө келебиз. Демек, социалдык тармактардагы рекламалык макалалар каржылоого жараша өлкөдөгү абалга таасирин тийгизе алат. Мындай абалда күч органдары бул багытты жөнгө салуу боюнча иш-аракеттерин күчөтүүсү учурдун талабыдыр...

Булак: "Вечерний Бишкек"






Кыргызстанда соцтармактардагы оппозициялык баракчалар кайдан каржыланат?

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
17.02.2021. 18:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Супер.кг ким каржылайт аныда кошуп койсонор калыс болмок
17.02.2021. 22:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
make2,лимон
17.02.2021. 20:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Сөз эркиндигине ачыктан ачык чабуул
17.02.2021. 21:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
НПО, Лезби гей жана западчылар жакында поездиңер келет, аз калды
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: