super.kg logo

"Садыр Нургожоевич, мен үйгө кетемби же жокпу?". "Кабарлардын" директорунун үстүнөн арыз жазган адам мага да акча сунуштаган" дейт журналист (видео)

 

"Кабарлар” маалымат агенттигинин директорунун үстүнөн арыз жазган адам алгач мага акча сунуштаган" деп SUPER.KG порталына OPPA.KG сайтынын жетекчиси, журналист Нурис Алымбаев билдирди.

Анын айтымында, акча сунуштаган адамдын мас абалында унаа айдап бара жатып кармалган видеосу бир нече күн мурун интернетке чыккан.

"Ал адам кармалган учурда "Садыр Жапаровго чалдым" деп телефон аркылуу кимдир бирөө менен сүйлөшүп, бошонуп кетүүгө аракет кылган. Видео интернетке чыккандан кийин мага өчүрүп салууну суранып, тааныштары аркылуу өзү акча сунуштаган. Мен макул болбой койгондон ар кандай жаман сөздөрдү жазды. Бул боюнча укук коргоо органдарына арыз менен кайрылайын деп турам", - деди Алымбаев.

Буга чейин УКМК жергиликтүү массалык маалымат каражаттарынын биринин жетекчиси пара талап кылуу фактысы менен кармалганын билдирген.

Кийинчерээк кармалган адам "Кабарлар" маалымат агенттигинин директору Үмүт Мукамбетова экендиги белгилүү болуп, аталган агенттик тарабынан жетекчинин кармалышы боюнча түшүндүрмө берилген.

Нурлис Алымбаев кеп төмөндөгү видео боюнча болуп жатканын белгиледи.


кошулду





"Садыр Нургожоевич, мен үйгө кетемби?" дейт айдоочу

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(2)
23.02.2021. 18:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Коррупциянын ичинде коррупция. Развели МВД и наряда милиция и без стоянки.
23.02.2021. 19:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Адам эмей эле айбан...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: