Компьютердик клубда уктап жаткан жарандын телефонун уурдай качкан. Бишкекте уурулукка шектелген жаран кармалды
Бишкекте компьютердик клубка уурулукка кирген деген шек менен 28 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү ресстрине, 200-берене "уурулук" боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
"Иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган кылмышка шектелип, 1992-жылы С.Т. аттуу жаран кармалып, тергөө кызматына жеткирилген. Бишкек шаарынын Ленин райондук соту шектүүгө карата СИЗО-1ге бир айга камакка алуу түрүндөгү чарасын тандаган. Учурда кармалган жарандын башка кылмыш фактыларына тиешеси бар экендигин аныктоо үчүн тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















