Санкт-Петербургда улгайган адамдар үчүн өзүн-өзү изоляциялоо режими узартылды
Санкт-Петербург шаарында 65 жаштан жогору, ошондой эле өнөкөт оорулары менен жабыркагандар үчүн милдеттүү түрдө өзүн-өзү изоляциялоо режими 28-мартка чейин узартылды. Бул тууралуу 5-мартта шаардык губернатордун администрациясынын басма сөз кызматына шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазды.
"28-мартка чейин 65 жаштан ашкан адамдар жана өнөкөт оорулары бар бейтаптар үчүн өзүн-өзү изоляциялоо милдети узартылууда, ошондой эле бул адамдарды дистанттык жумушка которуу жүрүп жатат", - деп айтылат билдирүүдө.
Ушул эле күнү эртең менен Москва шаарынын мэри Сергей Собянин 65 жаштан жогору жана өнөкөт оорулары бар адамдар үчүн өзүн-өзү изоляциялоо режимин жокко чыгарган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:02
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















