Бишкекте люктан эркек кишинин жансыз денеси табылды
Бишкектеги Линейная көчөсүнөн куткаруучулар тарабынан люктан эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, чакыруу 26-мартта саат 15:03тө келип түшкөн.
"Аталган жерден куткаруучулар 30-40 жаштагы адамдын жансыз денесин алып чыгышкан. Андан соң ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
-2
-2
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















