Бишкекте "автоунаа уурдады" деп шектелип 25 жаштагы жаран кармалды
Бишкекте "автоунаа уурдады" деп шектелип 25 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-октябрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Милицияга 28 жаштагы Ш.А. аттуу жаран арыз менен кайрылып, Жибек Жолу - Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз бирөө Тойота Камри автоунаасын уурдап кеткенин айткан. Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан ыкчам чара көрүлүп К.У. аттуу Сокулук районунун Пригородный айылынын тургуну кармалды. Учурда тергөө жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:13
2025-08-17

15:40
2025-08-16

14:30
2025-08-16

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.